Кыйтайда коронавирустун жаңы түрү пайда болду

Кытайдын Фуцзянь провинциясында коронавирустун жаңы түрүнүн очогу чыкты.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кытайдын Путянь шаарынын Сянью уездинде алты кишиден жаңы типтеги коронавирус табылган. Учурда 18 адам симптому жок ооруп жатканы жана ошондой эле жергиликтүү тургундардан 81 938 адамдан анализ алынганы маалымдалды.

Кытай бийлиги COVID-19дун жаны түрү тутанга Путянь шаарында чектөөлөрдү күчөттү. Кинотеатрлар, музейлер жана китепканалар жабылып, ресторандар жана башка коомдук тамактануу жайларынын иштөө убактысы чектелген.

Маалыматка караганда, коронавирустун бул варианты өтө жугуштуу болгон “дельта” штаммы катары сыпатталып жатат.

Акыркы статистикалык расмий маалыматка ылайык, учурда дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен 223 миллион киши ооруду. ДССУ азыркы тапта АКШ, Индия жана Бразилияда кырдаал оор деп билдирүүдө.

Комментарий жиберүү