Кымбатчылыктын себеби: Кытай азык-түлүктүн дүйнөлүк запасынын жарымын сатып алып койгон

Кытай жүгөрү жана башка дан азыктарынын дүйнөлүк запасынын жарымынан көбүн сатып алып, бул өз учурунда бүтүндөй планетада баалардын кескин өсүшүнө алып келди. 

Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

Кымбатчылыктын бирден-бир себеби дүйнөлүк калктын 20 пайызы жашаган Кытайдын азык-түлүк запасын топтоосу болгон. Бул тууралуу Кытайдын азык-түлүк жана стратегиялык резервдер боюнча улуттук башкармасынын бөлүм башчысы Цинь Ююнь өзү билдирген.

«Биздин өлкө азык- түлүк, үн запасын тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткирди. Буудайдын запасы бир жарым жылга жете турган суроо-талапка жооп берет», – деген ал.

Кытай дүйнөдө азык-түлүктүн баасы кымбаттап баштаган мезгилдин биринчи белгилери пайда болору менен пандемия учурунда эле шашылыш түрдө запас топтоого киришкен. Өлкөнүн бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2020-жылы аталган өлкө азык-түлүктүн импортуна 98,1 миллиард доллар короткон. Бул сумма он жыл мурдагыга салыштырмалуу 4,6 эсеге көптүк кылат. 

АКШнын Айыл чарба министрлиги 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кытай дүйнөдөгү жүгөрүнүн запасынын 69 пайызына, күрүч запасынын 60 пайызына, буудай запасынын 51 пайызына ээлик кылып каларын билдирген. 

Ал эми Япониянын табигый ресурстарды изилдөө институтунун директору Акио Сибатанын айтымында, Кытайдын азык-түлүк топтоосу – бул баалардын өсүшүнүн себептеринин бири.

Комментарий жиберүү