Кыргызстанда жашылчалардын баасы арзандады

Кыргызстанда айрым жашылчаларга болгон баа арзандады.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Маалыматка ылайык, июль айында картошка, помидор жана бадыраңдын баалары арзандаган. Өлкө боюнча картошканын орточо чекене баасы 1 кг үчүн 41,63 сомду түзгөн. Бул мурунку айга салыштырмалуу 19,1 сомго арзан. Помидордун баасы 1 кг үчүн 51,13 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 20,4 пайызга, ал эми бадыраңдын баасы 1 кг үчүн 21,35 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 25,6 пайызга арзандаган.

Картошканын эң төмөн баалары түштүк аймактарда белгиленген. Өзгөн шаарында бир кг картошканын баасы 31,98 сомду, Баткенде 34,75 сомду түзсө, Исфанада 35,99 сомдон сатылып жатат. Жашылчанын бул түрүнө максималдуу баалар Бишкек шаарында, Токтогул районунда жана Чаек айылында байкалып, 1 килограммы 43 сомдон 46 сомго чейин катталган.

Помидорго болгон минималдуу баа Нарында катталып, 1 кг 35,00 сомдон сатылса, бадыраң Токмок шаарында 18-19 сомдон сатылууда. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда акыркы айларда азык-түлүккө, айрыкча өсүмдүк майына болгон баа кескин көтөрүлүп кеткен. Ошондой эле, жайы-кышы дебей баасы 30-40 сомдон ашпаган сабиздин баасы 2-3 эсе көтөрүлүп 100 сомдон ашкан. Социалдык тармактарда эл кыйналып, айрымдары үйүндөгү эски буюмдарын азык-түлүккө алмаштырып жатышканы бүгүнкү күнгө чейин талкууда.

Комментарий жиберүү