Кыргызстанда уран калдыктары коопсуз жерге ташылууда

Жалал-Абад облусундагы Шекафтар шаарчасынын аймагында радиактивдүү уран өндүрүшүнөн калган калдыктарды коопсуз жерге ташуу иштери жүрүүдө.

Учурда 200 миң метр кубка жакын уран калдыктары коопсуз жерге чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы мезгилде № 2, 3, 6, 7 тоо-кен калдыктарын № 4 коопсуз тоо-кен калдыктарына которуу иштери жүрүүдө. Шекафтар шаарчасынын аймагында радиактивдүү уран өндүрүшүнөн калып, топтолгон 8 кен аянтчасы жайгашкан. Анын жалпы көлөмү 300 миң м³дун тегерегин түзөт.

2020-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын буйругу менен “Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Шекафтар шаарчасында уран калдыктарын калыбына келтирүү” долбоору гранттык келишимдин негизинде бекитилген. Бул иштер 2020-жылдын август айынан бери аткарылып жатат.

Мындан тышкары жергиликтүү мамлекеттик администрация менен биргеликте шаарчанын тургундарына аткарылган иштер боюнча маалыматтар берилип, таза суу маселеси чечилүүдө жана жолдорду оңдоого жардам берилүүдө.

Ал арада ӨКМ министри Бообек Ажыкеев Европа Биримдигинин өлкөдөгү өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугуп, Евробиримдик жана Кайра куруу жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган уран калдыктарын маданий иштетүү (рекультивация) долбоорун талкуулаган учурда Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайларын маданий иштетүү жумуштарына Европа Биримдигинен 30 млн. евро бөлүү мүмкүнчүлүгүн сурады. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр маселени карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Кыргызстанда жалпысынан 92 жерде уу калдык сактоочу жай бар болсо, анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид бар. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт. 2004-жылы Майлуу-Сууда зыяндуу заттарды коопсуз жакка көчүрүү жана ал жерлерди тазалоо, заманбап технологиялар менен калдыктарды жок кылууга багытталган долбоор ишке киришип, Дүйнөлүк банк ага 11 миллион доллар бөлгөн.

Мурдагы Советтер Биримдигинде “москвалык камсыздоого” алынган Майлуу-Сууда уран казып алуу иштери 1946-жылы башталып, 1966-жылга чейин созулган. Иштетилген уран жана башка уу калдыктар да ушул мезгил аралыгында көмүлгөн.

АКШдагы Blacksmith Institute экологиялык изилдөө мекемеси 2013-жылдагы иликтөөсүндө Майлуу-Сууну дүйнөдөгү эң булганган он шаардын катарына кошкон.

Комментарий жиберүү