Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң доза сыналат

Кыргызстан коронавируска каршы россиялык вакцинанын 500 миң дозасын алат. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан “Ковакс” программасына катышууда. Программанын алкагында Кыргызстан 8 түрлүү вакцинаны алат. Pfizer вакцинанын документтери өлкөгө келип түштү, бирок вакцинаны сактоо үчүн -70 градус керектелет.

“Бизде андай муздаткычтар жок. Кыргызстандын ири шаарларына аталган муздаткычтарды алууга 2 млн доллар керектелет. Мындан улам биз башка вакцинаны алуу үчүн “Ковакс” программасына кайрылдык”, – дейт ал.

Бейшеналиев Кыргызстан Россиядан вакцинанын 500 миң дозасын алуу боюнча кайрылуу жасагандыгын белгилейт.

“Россия тарап макулдугун берди. 2-3 ай ичинде вакцинаны алабыз”, – деди министр.

Комментарий жиберүү