Кыргызстан менен Иран коопсуздукту сактоо жаатында кызматташтыкты күчөтөт

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган министрликтин өкүлдөрү Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази менен жолугушту.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар буга чейин түзүлгөн кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кырсыктарды алдын алууда биргелешкен аракетти көрүү, тажрыйба алмашуу жана жардам көрсөтүү, метеорология тармагындагы байланыш боюнча маселелерди талкуулашып, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мүмкүнчүлүгүн көтөрүү боюнча сүйлөшүштү.

Иран элчилигинин делегациясы Кыргызстандын жаратылышы дүйнө элин дайыма өзүнө тартып, суктанарлык табиятка ээ экендигин айтып, ага байланыштуу өлкөгө келген чет туристтердин, альпинисттердин коопсуздугун сактоо үчүн биргелешкен аракетти көрүүгө чакырды.

Алдыңкы күндөрү тараптардын жогоруда аталган багыттар боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюулары күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү