Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши күчөдү

Чек ара боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши жарандардын күнүмдүк чырларынан өрчүп барып, бир нече жолу курал колдонуу, анын ичинде оор техникаларга чейин пайдаланууга жеткенден кийин, эми дипломатиялык алкакка чыкты. Бири-бирин айыптап, учурда абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Акыркы айыптоолор…

19-октябрда, тажик тарап Кыргызстанды “чек арадагы кырдаалды курчутууга багытталган аракеттерди көрүп жатат” деп айыптады. Алар 2022-жылдын 25-сентябрындагы №42 протоколдо бекитилген келишим талаптары сакталбай жатканы айтылып, кыргыз тарапка Тажикстандын аба мейкиндигин бузуп, аскердик техниканы тартып, кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттерди көрүп жатат деген кине коюшту.

Билдирүүгө 10-18-октябрь аралыгында чек ара аймактарында “Кыргызстандын чагымы” катары сыпатталган бир канча окуя сүрөттөр менен тиркелгенин жарыялады. Ошентип тажик тарап, Кыргызстанга 26-сентябрдан 18-октябрга чейин 20 чагым уюштурган деген айып койду.

Мындай билдирүүгө кыргыз тарап кечиктирбей жооп берип, Тажикстандын бул айыптоолорун негизсиз деп баалады. 19-октябрда жарыяланган билдирүүдө, тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылат.

Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда” деп таратып жаткан сүрөттү быйыл 21-22-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылганын белгилейт.

Чек ара кызматы билдиргендей, 25-сентябрдан тартып Тажикстан чек аранын жалпы периметринде аң (окоп) казып жатат жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган учурлар катталды.

“Жолугушууларда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жетишилген келишимдерди бузуп жатканын моюнга алып, аларды жоюуну убада кылышат, бирок тажрыйба көрсөтүп тургандай – убадаларын аткарышпайт”,- деп билдирди мекеме.

Ошондой эле, Тажикстан чек ара тилкесине аскерлерин жана техникасын топтоп, бул үчүн “Тез жардам” автоунааларын колдонуп, “Головнойдун” тушуна жарандык автомашиналар менен ок-дары ташып барып, “жалданмаларды даярдоо жана ок-дары топтоого мечиттерди пайдаланып, ошону менен ислам баалуулуктарына да каршы аракеттенип жатканы” тууралуу маалымат таратты.

ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингенти маселени чече алабы?

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушуп, чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентин жайгаштырууну сунуштаганын жарыялаган.

Министр эгер талаштуу аймактарга ЖККУнун чакан контингенти жайгаштырылса, ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө, чек арадан оор техниканы алып кетүү сыяктуу бир нече маселелерди чечип, мындан кийин чек араны демаркациялоо боюнча саясий маселени чечсе боло турганын билдирген.

Бирок муну тажик тарап сын көз менен кабыл алды. Анткени буга чейин өөрчүп кеткен чек ара конфликттерин жөнгө салууда үчүнчү тараптын, тактап айтканда, Орусиянын модераторлук кылуу каалоосун билдиргенде Тажикстандын расмий бийлиги андан баш тарткан жана алардын ортомчулугуна караманча каршы чыккан. Ошондуктан азыр чырлуу аймактарга ЖККУнун контингенти жайгаштырылса да, ал натыйжа бербейт дегендей маанай көрсөтүшүүдө.

Негизи чек араны чечүүгө сырттан жардамга келип, мадератор болуучу күчтөр бар. Албетте алардын бири Орусия. Ал эми Өзбекстандын да жардамы тийиши мүмкүндүгү айтылып келет.

Буга чейин Орусия менен ЖККУ кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак болуп жаткан аймакка аскердик байкоочуларды жөнөтүү менен демаркациялоо маселесин чечүүгө жардам бере ала турганын айтышкан. Тактап айтканда, Орусия өзүнүн Тышкы иштер министрлиги жана башка институттары аркылуу ортомчулук кылуу аркылуу чыр-чатакты эки этап менен жөнгө салуу боюнча сунуштарын берген.

Анын бири, кыргыз-тажик чек арасында байкоочу миссиясын түзүү. Анын болушу – Тажикстандын аскер кызматкерлерин Кыргызстандын аймагына киргизбей, жарандардын ден-соолугуна жана коопсуздугуна зыян келтирмек эмес. Бирок кийин бул миссия түзүлдүбү же жокпу маалымат чыккан жок.

Орусиянын реалдуу ортомчулугу керек…

Кыргызстан президенти Садыр Жапаров ортомчулук кылуу өтүнүчү менен орус президенти Владимир Путинге Астанада тажик президенти Эмомали Рахмон үчөө өткөргөн жолугушууда айткан. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 17-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Мындан улам орус тарап Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди изилдеп чыкмай болгон. Муну Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында тастыктап, эки өлкөнүн чек арасына акыркы чекитти коюу үчүн Орусия Федерациясы өз позициясын билдиргенин айтты.

“Москвадагы мамлекеттик архивдерде сакталып турган союз убагындагы карталар, материалдар республикалар арасында жер бөлүштүрүү боюнча чечимдердин түп нускалары көтөрүлүп каралат. Аларды тастыктап беришсе, кыргыз-тажик чек арасы боюнча да макулдашууларга бир кадам жакындамакпыз”,- деди Жапаров.

Чындыгында Орусияда Борбордук Азиянын көп жылдар мезгилдеги бардык карталары бар. Аларды тараптарга берүүнү сунуштаганда Кыргызстандын атайын өкүлдөрү мындай жардамдан кескин түрдө баш тартып, чыр-чатакты жөнгө салууда ортомчулукка муктаж эместигин түшүндүрүшкөнүн айрым саясатчылар айтып келишкен.

Бирок эски карталарды алуудан Кыргызстан баш тартты дегенге ишенүү кыйын. Анткени чек араны чечүүгө кыргыз тарап абдан кызыктар. Керектүү жана тийиштүү документтерге ээ болуу – чек ара боюнча Кыргыз Өкмөттүк комиссиясына аба менен суудай керек болуп келген.

Ошол эле учурда Өзбекстан да модераторлук кызматты аткарса болот. Анткени Борбор Азияны бөлүп атканда Ташкенттен да башкаруу жүргөн. Ал жакта да кандайдыр бир документтер болушу толук ыктымал.

Куралдануу – алдыдагы согушка даярдыкпы же тынчтыкты сактообу?

Тажикстан бийлиги эл аралык коомчулукка кайрылып, заманбап куралдарды анын ичинен учкучсуз аскердик учактарды сурап жатат. Мындай билдирүүнү Тажикстандын Чек ара аскерлеринин командачысынын биринчи орун басары Насимжон Ражабзода 18-октябрда таратты. Анткени алар Ооганстан менен чектешкен тоолуу аймактарды көзөмөлдөө кыйынга туруп жатат дешет.

Ооганстандын фонунда Тажикстан АКШ баш болгон бир канча мамлекеттерден аскердик тахникаларды, курал-жарактарды алган. Өз кезегинде бул – Кыргызстан менен болгон конфликттерге иштей турганы айтпаса да белгилүү.

Ал ортодо Кыргызстан да өз күчүн тартипке келтирип жатат. Башкача айтканда Түркиядан учкучсуз учкан Bayraktar Akıncı (Байрактар Акынжы) техникасын алды. 7-октябрда социалдык тармактарда Кыргызстан өзүнүн учкучсуз учуучу аппаратын жасап чыгаргандыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Коргоо министрлиги бул кабарды азырынча тастыктаган да, четке каккан да маалымат бере элек.

Мындан сырткары, Кыргызстанга октябрдын аягында абадан коргонуучу зениттик-ракеталык комплекс алып келине турганын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдиргени кабарланды. Бул ракеталык комплекс Баткенге коюлуп, чек араны коргойт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында, чек арадагы соңку окуядан кийин Баткенде аскер күчтөрүн кубаттандырып, жергиликтүү калктын өзүн-өзү коргоо моделин өзгөртүү зарылчылыгы пайда болгонун билдирди.

Досье

Быйыл, 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Бул куралдуу кагылыштан Кыргызстан 63 жаранынан айрылып, 3 млрд 130 млн сомдук материалдык зыян келтирилгенин аныктап чыкты.  

Жалпы 661 турак жай өрттөлүп, талкаланган. Анын 423ү жашоого жараксыз кейипти кийген. Дагы 238 үй оңдоп-түзөөгө муктаж. Мындан тышкары 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик—акушердик бекет жапа чеккен. 197 жашоо тиричиликти камсыздоочу объектилер талкаланып, андан соң өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик автоунаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Кыргызстан кол салуудан каза тапты деген 63 жарандын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 миңден ашык адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда же башкалардын үйүндө жашап жатышат.

Ал эми Тажикстан чек арада бул окуяда 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирген. Бирок “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 81 киши өлдү деген тизмени жарыялаган. Ал эми келтирилген материалдык зыян 32,6 миллион сомониден (266 млн сомдон) ашкан. Жалпысынан 96 үй, анын ичинде турак-жай, коомдук жана коммуналдык имараттар күйгөнүн билдирген.

Исфара шаарында 56 жай тургундардын үйү толугу менен талкаланып, үч мектеп, эки май куюучу жай, фельдшердик-акушердик пункт жана мечитке зыян келтирилген. Дагы 166 имарат анча көп эмес зыянга учураган.

Комментарий жиберүү