Кыргызстан электр энергиясы жаатында эмне жашырып жатат?

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгондуктан, электр тармактарында каатчылык күчөдү.

Болжолдонгон алдыдагы кыйынчылыктарга карабай, элди жарык менен камсыз кылуу үзгүлтүксүз жүрөөрү айтылган.

Былтыры ушул убакка карата Токтогул ГЭСинде 14 млрд куб метр суу бар эле. А быйыл 30-ноябрга карата башкы чөйчөктө 11 млрд.дан кичине көбүрөөк (11 млрд 060 млн. м3) суу калды. Анын күндүк агып кириши орто эсеп менен секундасына 165 м3, чыгышы 518 м3. Башкача айтканда, жоготуу көп.

Каатчылыктан улам Кыргызстан дээрлик бардык кошуналардан электр энергиясын сатып ала турганын жарыялаган. Тактап айтканда, Казакстандан 900 млн., Өзбекстандан 750 млн, Түркмөнстандан 501 млн., Орусиядан 2 млрд. кВт/сааттан ашык электр энергиясын алабыз деген. Ал эми Тажикстандан күнүнө 1 млн. кВт саат электр энергиясын алынып жатканын кабарлаган болчу. Бул маселеде биздин энергетиктер “Тажикстан свет алгыла деп сунуштаганынан улам алганбыз”,-деген. Аз өтпөй, кошуналар түшүндүрмө берип, бул өз ара кызматташуу келишиминин негизинде бекер берилип жатканын айткан. Бирок айрым маалыматтарда, Тажикстан электр энергиясын Кыргызстанга берүүнү токтоткон. Бул маалыматты Кыргызстандын Энергетика министрлиги тастыктаган да, четке каккан да жок. Жоопту биз дээрлик эки жума күттүк.

Эки ай башта, тактап айтканда, 2-октябрда Кыргызстандын делегациясы Дүйшөмбүгө октябрь айынан тарта электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу менен барган. Өткөн жумада Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорт кылуу тууралуу чечим кабыл алынган эмес деген маалыматты таратты. Бирок биздикилер ал жактан 1 миллион киловатт-саат электр энергиясын алып жатканыбызды билдиргенин эске салып коелу.

Дагы бир маселе. Үгүт иштерин жүргүзүп Ө. Текебаев маанилүү маалыматты ачыктап жиберди. Ал “Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан келишимге келип, электр энергия ала баштадык. Бирок, кыш келди, Өзбекстан, Казакстан менен Түркмөнстан “өзүбүзгө керек, өзүбүздө проблема болуп жатат”,-деп электр энергиясын бербей койду”,-деди. Бирок саясатчынын бул айткандарына бийлик тараптан эч кандай реакция кылынган жок. Энергетика министрлигинин жетекчилигине маалымат кызматы аркылуу ушул тууралуу комментарий берүүсүн 1 жума күтүп, жооп ала албадык. Акыры министрликтин маалымат кызматынан төмөндөгүдөй жооп болду:

“Сиз эле эмес, бардык журналисттердин жалпы импорт темасы боюнча берген суроолоруна азырынча маалымат бербей турууну жетекчи буйруду”.

Ал арада шайлоодон кийин свет өчүрүү башталат экен деген маалыматтар эл арасында тарай баштады. Бирок Президент Жапаров электр энергиясы менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурабаш керегин айткан. Энергетиктер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл арасында тараган сөз жалган экенин айтып, ремонттук же авариялык абал түзүлгөндө гана үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн экенин айтып, бирк график менен өчүрүү болбой турганын билдиришет.

Демек, быйыл кошуналардан ток сатып албасак, кыштан кантип чыгабыз? Шайлоодон кийин свет өчүрүү күчөбөйбү? Кыргызстан электр энергиясы жаатында эмнени жашырып жатат? Ушул суроолор ачык боюнча калууда.

А. Пазыл.

Комментарий жиберүү