Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 11 кыргызстандык жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жапа чеккендердин баары Баткен облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген.

Министрлик берген маалыматта айтылгандай, жаңжалдан жабыркаган 11 кишини баары аскер адамдары, жай тургундар жок. Жалпы жонунан абалдары орточо оор деп бааланганы айтылат.

Тажикстандын маалымат каражаттары берген маалыматка караганда, тажик тараптан чек арадагы чырдан улам 17 киши ооруканага жеткирилген. Бул 28-январга караган түнү алынган маалымат.

Эскерте кетсек, чек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары чек арачыларынын коштоосунда оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен – Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган.

Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганын билдирди.

Маалыматта тажик тараптын миномёт колдонушу чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбей турганы, булл Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турарын баса белгиленген.

Ал эми тажик тарап Сомониён айылынан жамаат Чоркухка бара жаткан тажикстандыктардын машинасын таш менен ургулашкандыктан чуу чыкканын айтышууда.

Комментарий жиберүү