Кытайда коронавирус менен ооругандардын саны нөлгө түштү

Кытайда жергиликтүү тургундардын коронавирусун жуктуруп алгандардын саны акыркы эки айда биринчи жолу нөлгө түштү.

 Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай өкмөтүнүн статистикасы көрсөткөндөй, бул өлкөдө жергиликтүү тургундардын коронавирусун жуктуруп алгандардын саны акыркы эки айда биринчи жолу нөлгө түшкөн.
Мындай көрсөткүч Кытайдын эпидемиянын алдын алуу боюнча мыкты жетекчилигин көрсөтүп турат.
 Билдирүүгө ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде Кытайда коронавирусун жуктуруп алгандардын саны 14тү түздү, бирок алардын бардыгы сырттан келгендер болушкан.
 Кытай коронавируска биринчи кезекте туш болгон өлкөлөрдүн бири болсо да, аны бир нече айдын ичинде ооздуктоого жетишти.
Жон Хопкинс Университетинин акыркы статистикасына ылайык, дүйнө жүзү боюнча кеминде 105,764,423 адам коронавируска чалдыккан, анын ичинен 2 309 364 адам каза болуп, жок дегенде 58 874 947 бейтап сакайган.

Комментарий жиберүү