Кытайда «стеллс-омикронду» жуктургандардын саны өсүүдө

Кытайдын Шанхай шаарында коронавирустун жаңы штаммы «стелс-омикронго» чалдыккандар көбөйүүдө.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, өлкө бийлиги  Кытайдын эң ири шаарларынын бири болгон Шанхайга миңдеген аскер жана медициналык кызматкерлерди жөнөткөн. Шаарда жалпы тестирлөө жарыяланып, 26 миллионго жакын тургуну сөзсүз өтүүгө милдеттендирилди.

Илдетти жуктургандардын саны тез өсүп жаткандыктан шаар бийлиги бир нече ооруканаларды, спорт залдарды, көп кабаттуу үйлөрдү жана башка объектилерди, анын ичинде 15 000 бейтап бата турган Шанхай жаңы Эл аралык Экспо борборун да карантиндик зоналарга өзгөрттү.

Учурда Шанхайдын көчөлөрү ээн калып, дүкөндөрдүн көпчүлүгү жабык турат. Ачык дүкөндөрүнүн текчелери да бош, анткени тургундар обочолонууга даярдануу үчүн баарын алдын ала сатып алып коюшкан айтылууда.

Бүгүн, 5-апрелге карата Кытай боюнча 13 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталган. Өлкө бийлиги вирустун жаңы штаммын жайылтпоо үчүн көзөмөлдү күчөттү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы эки жылда биринчи жолу эки сутка катары менен бир дагы коронавирус учуру катталган жок.

Комментарий жиберүү