Кытайда Boeing 737 кыйраган жерде жүргүнчүлөрдүн сөөгү табылган жок

Куткаруучулар Кытайдын түштүгүндө Boeing 737 учагы кыйраган жерде экипаждын жана жүргүнчүлөрдүн аман калгандарын же сөөктөрүн таба алышкан эмес.

Бул тууралуу Кытайдын борбордук телевидениеси кабарлаганын чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Белгилей кетсек, “FlightRadar24” агенттигинин маалыматына караганда, MU 5735 рейси Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясындагы Куньмин-Чаншуй аэропортунан учкан жана Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Гуанчжоу шаарына келмек.

Учуу учурунда жердеги кызматтардын учак менен байланышы үзүлгөн. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Учакта 123 жүргүнчү жана тогуз экипаж мүчөсү болгон.

“Учурда кырсык болгон жерден куткаруучулар учактын калдыктарын табышты, бирок дайынсыз жоголгондор табыла элек”, — деп билдирди телеканал.

Маалыматта тоолуу рельеф издөө иштерине чоң кыйынчылыктарды жаратып жатканы айтылат.

Комментарий жиберүү