Кытай жайдын орто ченине чейин жарым миллиард адамды эмдөөдөн өткөрөт

Кытай бийлиги ушул жылдын июнь айынын аягына чейин жарым миллиарддан ашуун адамды коронавируска каршы эмдөөдөн өткөргөнү жатат.

Бул тууралуу “ir.Sputnik” агенттиги CNN телеканалына шилтеме берип жазды. Бул пландар менен Кытайдын эпидемиологу Чжун Наньшань Циньхуа университети жана Американын Брукингс институту уюштурган жолугушууда бөлүштү. Эксперттин айтымында, анын КЭРдин саламаттык сактоо тутумундагы булагы ага июль айына чейин адамдардын 40 пайызын эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жаткандыгын айткан.

Бул болжол менен 548 миллион адам. Наньшандын маалыматы боюнча азырынча, Кытайда калктын 3,5 пайызы же 51 миллион адам коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Ал жамааттык иммунитетке жетүү үчүн Кытай өкмөтүнө болжол менен үч жыл талап кылынарын кошумчалады. 1-мартта Кытай бир катар өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө вакциналарды гуманитардык жардам катары жеткирип жатканы кабарланган. Алардын арасында Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери, Монголия, Палестина, Беларуссия жана Зимбабве бар.

Комментарий жиберүү