Кытайдын “Чанчжэн-2D” ракета алып жүрүүчүсү менен “Шиян-20С” спутнигин Жердин орбитасына ийгиликтүү чыгарды.
Бул тууралуу Кытайдын аэрокосмостук илим жана технология корпорациясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Корпорациянын маалыматы боюнча, учуруу бүгүн, 29-октябрда Пекин убактысы боюнча саат 09:01де Цзюцюань космодромунан ишке ашырылган.
Бирок, маалыматта спутниктин түрү жана анын колдонулушу боюнча айтылган эмес.
Белгилей кетсек, “Чанчжэн-2D” Кытайдын Чанчжэн сериясындагы эки баскычтуу, бир жолу колдонулуучу орбиталык ракета ташуучу аппараты. Ал негизинен Fanhui Shi Weixing (FSW) чалгындоо спутниктерин Жерге жакын же күн менен синхрондуу орбитага чыгаруу үчүн колдонулат.