Кытай Орусия менен энергетика тармагындагы соодада рубль же юанга өтүүнү четке какпайт

Кытай компаниялары Орусия Федерациясы менен соодада өз валюталарын “тең жана өз ара пайдалуу негизде” активдүү колдонууга ниеттенип жатат.

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин ТАСС маалымдады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пекин Орусия берген энергияны америкалык доллар менен эмес, рубль же юань менен төлөөгө даярбы деген суроого жооп берип жатып, “Эки тараптуу өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө рыноктун субъекттери өз муктаждыктарына ылайык валютаны тандай алат”, – деди.

“Соода-экономикалык өз ара аракеттенүү процессинде өзүнүн улуттук акча бирдигин колдонуу валюталык тобокелдиктерден качууга жана валюта алмаштырууга байланышкан чыгымдарды кыскартууга жардам берет”, – деп билдирди Кытайдын ТИМи.

Ошондой эле, кытай компаниялары Орусия Федерациясы менен соодада  “Рыноктогу абалдын өзгөрүүсүн эсепке алуу менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу негизде” рублди же юанды активдүү колдонууга ниеттенип жатканын белгиледи.

“Албетте, ар кандай себептерден улам биз эсептешүүнү башка өлкөлөрдүн валютасы менен да жүргүзөбүз”, – деп кошумчалады министрлик.

The Wall Street Journal айрым булактарга таянып, Сауд Аравиясы Кытайга экспорттогон мунайдын бир бөлүгү үчүн төлөм кабыл алууда доллардын ордуна юанды колдонууну карап жатканын кабарлаган.

Басылманын авторлору мындай кадам америкалык валютанын дүйнөлүк энергетика рыногундагы үстөмдүгүн алсыратышы мүмкүн экенин, ошондой эле бул алдыңкы мунай экспорттоочунун Азия-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрү менен жакындашуусун көрсөтөрүн жазышкан.

Комментарий жиберүү