Кытай: Украина кризисинин ачкычы НАТО менен АКШнын колунда

Кытай Украина кризисинин чечилиши АКШ менен НАТОнун колунда деп эсептейт.

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзян билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

“Биз АКШ менен НАТО кризистин күнөөкөрлөрү катары Украина кризисин чечүүдөгү ролу тууралуу ойлонушат деп үмүттөнөбүз. Украинадагы кризисти чечүүнүн ачкычы НАТОнун, өзгөчө америкалыктардын колунда”, – деди ал.

Чжао Лицзяндын айтымына караганда, көптөгөн эл аралык эксперттер НАТОнун Орусияга каршы экспансионизми “чоң жаңылыштык” экенин баса белгилешкен, бирок Вашингтон эскертүүлөргө көңүл бурбай, НАТОну Чыгыш Европага жайылтуу үчүн беш жолу аракет кылган.

Пекин АКШнын ушул аракетин Украинадагы азыркы кризиске түздөн-түз байланыштуу деп билет.

Ошондой эле, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү: “Алар өз жоопкерчилигин чынчылдык менен моюнга алып, чыңалууну азайтуу жана көйгөйлөрдү чечүү жана Украинадагы жаңжалды мүмкүн болушунча тез арада токтотуу үчүн реалдуу кадамдарды жасашы керек”, – деп баса белгиледи.

Комментарий жиберүү