Кытай 2020-жылы 220 миллиарддан ашуун беткап экспорттогон

Кытай 2020-жылы 200дөн ашуун өлкөгө жана аймакка 220 миллиарддан ашык коргоочу беткап экспорттогон.

Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Соода министринин орун басары Цянь Кэмин билдигенин “INTERFAX” сайты жазды. Анын айтымында, ошондой эле 2,3 миллиард коргоочу костюм жана тесттер үчүн 1 миллиард реактивдик комплект экспорттолгон.

Ал Кытай эпидемияга каршы каражаттарды ири жеткирүүчү өлкө катары өзүнүн артыкчылыгын жигердүү өнүктүрүп жаткандыгын белгиледи. 2020-жылы Кытай экономикасы 2,3%га өскөн.

Комментарий жиберүү