Кыямат сыяктуу: Кытайды кумдуу бороон каптады (видео)

Кытайдын провинцияларынын бирин кубаттуу кумдуу бороон каптады.

Кум дубалдын бийиктиги 100 метрге чейин жетти. Кытайдын бир бөлүгү суу ташкынынан жапа чегип жатса, дагы бир бөлүгү – Ганьсу провинциясы кубаттуу кумдуу бороонго  кабылды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды. Басылманын маалыматына ылайык, бийиктиги кеминде 100 метрге жеткен чаң булуттары менен болгон кумдуу бороон Кытайдын түндүк-батышындагы байыркы Дуньхуан шаарында хаос жаратты.

Белгилей кетсек, Дуньхуанг Гоби чөлүндө жайгашкан. Бул шаар катаал климаты жана жашоо шарты менен белгилүү. Табигый кубулушка күбө  болгондор кумдуу бороондун шаарды каптап жатканын видеого тартып, социалдык тармактарда бөлүшүп жатышат. Кадрлардан  чаңдуу булут акырындап шаарды каптап жатканын көрүүгө болот. Курмандыктар, ошондой эле кыйроолор жөнүндө маалыматтар азырынча жок.

Эске салсак, Кытайдын борбордук Хэнань провинциясында нөшөрлөгөн жамгырдан улам суу ташкындап, 58 адам каза болгон. Провинциядан 800 миңге жакын адам эвакуацияланган, ошондой эле бийлик миллиондон ашуун тургунду көчүрүп кеткен.

Комментарий жиберүү