Көптөгөн өлкөлөрдө «стелс-Омикрон» өтө тездик менен жайылууда

Коронавирустун жаңы штамы “стелс-Омикрон” көптөгөн өлкөлөрдө өтө тездик менен жайылууда.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб маалымдады.

Улуу Британиядагы коронавирустун “стелс-Омикрон” деп аталган жаңы штаммы “омикронго” караганда апта ичинде ооруну жуктургандардын санынын көбөйүшүн тездеткен. Илдеттин бул түрүн бир катар ПЦР-тесттер аныктай албай тургандыгынан жана “Дельтадан” айырмалай албай жаткандыгынан улам “Стелс-Омикрон” деп аталган.

Адистер жаңы штаммдын өтө жугуштуулугун, керек болсо, оорукчан адам менен бир бөлмөдө отуруп жуктуруп алуу мүмкүн экендигин билдиришүүдө.

Комментарий жиберүү