К.Мурзахалилов: «Ашраф Гани коррупция, жумушсуздук, социалдык маселелерди чечпегендиктен, «Талибанга» бийлигин тарттырып койду…»

“Талибан” кыймылы (Кыргызстанда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) Афганистанда бийликти толук колго алгандыгын жарыялагандан бери эки айга жакын убакыт өттү.

Бирок алардын бийлигин эл аралык коомчулук расмий түрдө тааныбаган менен кыйыр түрдө кызматташып, ар кандай деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Ошол эле учурда Афганистан менен чектешкен Борбор Азия мамлекеттери талибдердин кол салуусунан чочулап, чектеш аймактарда өз ара жана биргелешкен аскердик машыгууларды жүргүзүүдө. Деги эле “Кошуна мамлекеттерге кол салбайбыз”,- деп жарыялаган менен “Талибандын” биздин чөлкөмгө кандай коркунучтары бар? Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде дин маселелри боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.

– Канатбек мырза, “Талибан” кыймылынын кыска аралыктын ичинде Афганистанда бийликти толук колго алышы жана президент Ашраф Ганинин бийлиги кумдагы сепилдей заматта кыйрап калышы дүйнө жүзүн таң калтырып койду. Алардын мындай “чагылгандай тез жеңишинин” себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Дүйнөлүк эксперттердин пикири боюнча, “Талибан” Афганистанда бийликти толук бойдон сентябрдын аягында, октябрдын башында алыш керек болчу. Бирок алардын жеңиши алдын ала божомолдордон бир канча эрте болду. Кабулду алар 15-августта бир ок чыгарбай басып алып, өздөрүнүн жеңишин жар салышты. Буга эң негизги себептердин бири, Американын Афганистандан өз армиясын толук бойдон чыгарып кетиши болду. Көптөгөн талдоочулар президент Ашраф Ганинин режими тез эле талибтерге багынып берүүсүн “Талибандын” “уктап жаткан” ячейкаларынын Кабулдун өзүндө дагы көп экен деген пикирин билдиришүүдө. 16-августта болсо Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан.  Талибдер бийликке келгенден кийин Афганистан Ислам Эмираты деген аталыштагы жаңы мамлекеттик түзүмдү кургандыгын да жарыялашты.

Андан кийин алардын Дохада бозгунда жүргөн лидерлери кайрадан Афганистанга келишип, 1996-жылдан 2021-жылга чейин өздөрүнүн биринчи жолу бийлик жүргүзгөн учурунан айырмаланган сегиз пункттан турган программасын ачыкташты. Алар Афганистанда 20 жылга созулган согуштун токтогонун дагы айтышты.“Талибандын” мурда беш жылга созулган бийлигине караганда кээ бир пункттар жумшаргандыгын айтышып, жарандардын укугу менен эркиндигин камсыз кылып беребиз деп убадалап жатышат.

Мурдагы президент Ашраф Ганинин бийликтен тез эле кетип калуусунун себеби – өз элинин колдоосунан ажырап калгандыгы болду. Анткени, ал коррупция, жумушсуздук, социалдык теңсиздик, элдин пикири менен эсептешпөө сыяктуу ички көйгөйлөрдү чече албагандыгы анын бийлигин алдырып, “Талибандын” өтө тездик менен бийликке келип калышынын себеби болду.

“Талибандын” башчылары 11-сентябрга белгиленген жаңы убактылуу афган өкмөтүнүн – Афганистан Ислам Эмиратынын жетекчилериинин расмий инаугурациясын өткөрүүдөн баш тартышты. Бул иш-чарага дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер өз өкүлдөрүн жиберүүдөн баш тарткандыгы дагы себеп болду.

Азыркы учурда айрым серепчилер Афганистанда ислам системасындагы мамлекет пайда болду деп айтып жатышат. Эми БУУ баш болгон 200дөн ашык мамлекеттер, эл аралык финансылык институттар, донор уюмдар жана башка дүйнөлүк коомчулук талибдердин бийлигин тааныйбы, жокпу, бул жагын жакынкы күндөрү көрөбүз. Кыргызстан да ошого жараша өзүнүн Афганистан менен мамилесин өнүктүрө бериш керек деп ойлоймун.

– Талибдер бийликке келгенден кийин айрым мамлекеттер өздөрүнө кол салышы мүмкүн деп чочулап. Айрыкча Борбор Азиянын чектешкен Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан республикалары чек арасын бекемдеп, өз ара биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүшүүдө. Ошол эле учурда алар “Биз кошуна мамлекеттерге кол салбайбыз”,- деген билдирүү жасады. Бирок акыркы кезде “Талибан” бийлиги менен Тажикстандын ортосунда “маалымат согушу” жүрүп жатат. Мындай имиштер менен коркунучтардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Өзүңүз билгендей, “Талибан” акыркы эки жуманын ичинде Тажикстан менен чектешкен Пешавар провинциясына жогорку даярдыктагы “жан кечтилер” деген аталыштагы батальонун жайгаштырды деген маалымат тарады. Алардын мындай кадам жасашына президент Эмомали Рахмондун БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Афганистанда тажик улутундагы адамдар да кошулган инклюзивдик өкмөт түзүлүш керек деген билдирүүсү себеп болду. “Талибан” болсо муну ички ишибизге кийлигишип жатат деп четке какты.

Ушул тапта Дүйшөмбү да Афганистан менен чектешкен аймагына 20 миңдей аскерлерин жайгаштырып жаткандыгын жарыялады. Ошентип “Талибан” менен тажик бийлигинин ортосундагы мамиле чыңалуу абалында турат. Бул тирешүүнүн башка бир себеби – ишмердүүлүгүнө Тажикстанда тыюу салынган “Ансаруллох” деген кыймылга дагы барып такалууда. Белгилүү болгондой, аталган кыймылды он жыл мурда тажик улутундагы жарандар Э. Рахмондун бийлигин кулатуу үчүн түзүшкөн.

“Ансаруллохту” август айынын аяк ченинде эле “Талибан” жетекчилиги Бадахшан провинциясындагы беш уездди башкарууга бергендигин расмий түрдө жарыялаган. Ушул жана башка объективдүү, субъективдүү себептерден, Э. Рахмондун кескин билдирүүлөрүнөн улам бүгүнкү күндө эки тараптын ортосунда чыңалуу бар. Айта кетсек, “Ансаруллох” тобун Кыргызстан дагы экстремисттик деп таап, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Албетте, “Талибандын” бийликке келиши менен кошуна Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кытай үчүн коркунучтар бар. Бирок ал коркунучтар “Талибан” тараптан эмес, талибтерге идеялары шайкеш болгон “Аль-Каида”, “Ансаруллох”, “Ислам мамлекети” террордук уюмунун (ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда тыюу салынган) жана башка радикалдуу багыттагы кыймылдардын тарапташтары менен таламдаштарынан болушу мүмкүн.

– Кыргызстанда, Борбор Азия мамлекеттеринде ар кандай ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук топтордун ячейкалары бар экендиги айтылып жүрөт. Ал эми бул аймакта “Талибдерди” колдогон күчтөр жокпу?

– Афганистандын аймагында 30 жылдан бери согуш токтобой келатат. Бул мезгилде афган жергесинде 20дан ашык ар кандай террордук топтор түзүлдү. Айрым талдоочулар Афганистанда бир эле “Ислам мамлекетинин 4,5 миң жоочулары бар экендигин айтышса, кээ бири бул сан 16 миң, 20 миң экендигин айтышат. “Талибан” БУУнун Коопсуздук кеңеши, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдар менен көпөгөн мамлекеттерде террордук уюм деп, болгондо да соттун чечими менен таанылган. Эми дүйнөлүк коомчулук Афганистан Ислам Эмиратын таанып, алар менен мамилени баштаган кезде деле  “Талибандын” террордук уюм экендигин жокко чыгарып, анан гана кызматташууну баштайт деген сыяктуу көптөгөн маселелер бар.

Кыргызстан Афганистан менен чектешпесе да, жогоруда айтылган террордук же радикалдуу уюмдардын негизги максаты – Борбор Азияга кирип, халифат системасына негизделген мамлекетти куруу же түптөө.

Баарыбызга белгилүү, 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы буга так мисал болуп бере алат. Ошондо ар кандай маалыматтар боюнча, 200дөн 400гө чейинки жоочулар бүтүндөй мамлекетибизди будуң-чаңга салышты. Ушундай көрүнүштөр бизге коркунуч туудурат.

Мындан тышкары, Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук уюму байырлаган аймакка 2013-2017-жылдардын аралыгында 850гө жакын кыргызстандыктар чыгып кеткен, анын ичинде 25 пайызы аялдар деп айтылып жүрөт. Жалпы эле чыр – чатак болгон Жакынкы Чыгыш аймагына Борбор Азия мамлекеттеринен 2 миңден 3 миңге чейинки жарандар чыгып кетип, ал жактагы террордук топтор талкалангандан кийин көпчүлүгү өз мекенине кайтып келип, жашыруун түрдө ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп жаткандыгы тууралуу күндөлүк маалыматтардан окуп жатабыз. Укук коргоо органдары деле ар кандай террордук уюмдардын мүчөлөрү кармалгандыгын медиа аркылуу билдирип жатышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө бизге “Талибан” же башка террордук уюмдар эмес, алардын өлкөбүздүн ичинде уктап жаткан ячейкалары коркунучтуу.

– Борбор Азия өлкөлөрүндөгү мусулмандар менен “Талибандын” диний жактан кандай окшоштуктары жана айырмачылыктары бар?

– “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү Борбор Азия өлкөлөрүнүн көпчүлүк мусулмандары карманган ханафий мазхабын карманышат. Бирок айрым диний эксперттер аларды матрудий акыйдасындагы мусулмандар деп эсептебейт. Себеби талибдердин көз карашынан, кыймыл-аракетинен саясый салафизмдин белгилери бар деп айтышат. Андан тышкары көпчүлүк дин таануучулар талибандарды ашарит багытындагы мусулмандар деп айтышат. Бул багытты кармангандар башка мусулмандарды “адашкандар” деп санап, куугунтукталыш керек дешет.

Мурда талибдердин басымдуу көпчүлүгүн жергиликтүү пуштундар түзсө, азыркы учурда булардын катарында өзбек, тажик улутундагы адамдар да бар. Бул чындыгында ойлондура турган маселе. Жогоруда айтылгандай, БУУнун Коопсуздук Кеңеши баш болгон көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан да “Талибанды” террордук уюм деп таанып, өз өлкөлөрүнүн аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Азыркы учурда “Талибан” Борбор Азия өлкөлөрүнө кол салбайт. Себеби, алар бийликти бөлүштүрүш керек, ички маселелери менен көйгөйлөрү толтура. Аларды чечүү керек. Негизи саясатта кандайдыр бир бийликти алуу оңой. Бирок ошол бийликти кармап калуу, андан ары бөлүштүрүп, мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуу өтө кыйын. Тажрыйба көрсөткөндөй, ошол мамлекеттик системада иштеп жаткандарга каршылык көрсөткөндөрдүн тобу да чыгат. Ошондуктан талибдер бүгүнкү күндө өздөрүнүн ички көйгөйлөрүн чечпей туруп, Борбор Азия же башка өлкөлөргө кол сала албайт. Бирок мисалы, Кыргызстанда эле 2003-2017–жылдары түрдүү соттук инстанциялардын чечимдери менен 21 диний уюм экстремисттик, террордук деп таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мына ушул уюмдардын мүчөлөрү “Талибандан” баш паанек сурашы, анын иш-аракетин жактоосу мүмкүн. Дагы бир маселе, көптөгөн радикалдуу уюмдардын мүчөлөрү “талибдер Афганистанда бийликти алды” деп шыктанып, Борбор Азияда акырындап баш көтөрүшү да ыктымал.

Дагы бир белгилей кете турган жагдай, учурда дүйнө коомчулугу “Талибан” мындан ары өз бийлигин кандай жүргүзөт деп кылдат байкап турат. Ошол эле учурда ар кандай деңгээлде кызматташтык башталып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мисалы, жакында Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга гуманитардык жүк жеткирип, алардын жетекчилеринин бири Абдул Гани Барадар менен жолугуп келди. Мындан тышкары Казакстандын тышкы иштер министрлиги кызматташуу пикирин билдирсе, Өзбекстандын тышкы иштер министри да талибдердин жогорку жетекчилиги менен жолукту.

Эми биз, “арабаны аттын алдына салып албай” БУУ баш болгон, өнүккөн G 20га кирген өлкөлөрдүн иш-аракеттерине көз салып, ошого жараша иш тутканыбыз максатка ылайыктуу болмок.

– “Талибдер” бийликке келип, жогоруда айтып өткөндөй, мурдагы катаал эрежелерди жумшарткандыгы тууралуу айткан менен аялдардын билим алуу, көчөгө чыгуу сыяктуу укуктарын кескин чектеп, уурулук үчүн манжаны кесүү сыяктуу жазаларды кайра киргизүүнү билдирип, жакында Кабул жана Герат шаарларында адамдарды ачык аянтта дарга асты. Бул көрүнүштөр дүйнөлүк коомчулук тарабынан кандай кабыл алынып жатат?

– Башында айтып өткөндөй эле, талибтер 1996-жылы бийликке келгенде киргизген катаал жазаларды жокко чыгаргандыгын жарыялашты. Бирок булардын лидерлеринин арасында деле ар кандай көз карашты кармангандар бар да. Бирок өзүңүз белгилегендей, булар ушуга окшогон катаал тартипти мындан ары да уланта бере турган болсо, дүйнөлүк коомчулук “Талибанды” тааныбай, эл аралык финансылык институттар, донор уюмдар кызматташтыкты жүргүзбөй койуусу толук мүмкүн. Өнүккөн өлкөлөр болсо катаал экономикалык санкцияларды жаңы афган бийлигине карата киргизүүдөн кайра тартпайт. Ошондуктан, эгер талибдер эл аралык коомчулук менен иштешебиз десе, анда алардын талабына баш ийиши зарыл. Айтор, “Талибандын” келечеги мындан аркы өздөрүнүн кадамдарына гана жараша   болот.

Маектешкен Эмилбек Момунов.

Маектин аудио версиясы:

Комментарий жиберүү