Лавров: Батыш Ирандагы кырдаалды курчутууга аракет кылууда

  Батыш Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен комплекстүү аракеттер планы тууралуу сүйлөшүүнүн ордуна, өлкөнүн ичиндеги кырдаалды курчутууга аракет кылууда.

Мындай пикирин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

“Батыш Биргелешкен комплекстүү аракеттер планы боюнча сүйлөшүүнүн ордуна, Ирандын ичиндеги кырдаалды курчутууга аракет кылууда” – деди Лавров.

Анын айтымында, учурда европалык саясатчылар дүйнөнү Иран коркунучунан коркутуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.

Россия тышкы иштер министринин азыр бирөөлөрдүн коркуу сезимин ойготуу менен эмес, маанилүү саясий чечимдерди кабыл алуу менен алек болуу зарыл экенин баса белгиледи.

Ислам республикасындагы  толкундоолор сентябрдын орто ченинде 22 жаштагы Махса Амини аттуу күрт кыз каза болгондон кийин башталган. Расмий маалымат боюнча, полиция Амини туура эмес жоолук салынганы үчүн кармаган. Сурак учурунда ал жүрөгү кармап, андан улам каза болгон. Социалдык тармактарда кызды полиция сабады деген маалыматтар тарап кеткен.

Өлкөнүн ондогон шаарларында өткөн массалык демонстрациялар бир катар өлүмдөр менен коштолгон.

7-октябрда Ирандын соттук-медициналык экспертиза уюму Аминин өлүмүнүн себеби боюнча расмий баяндамасын жарыялап, ал эч кандай жаракат албаганын билдирген.

Иран бийлиги митингдердин аркасында Батыш турганын айтып, аларды өлкөдөгү кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат деп айыптоодо.

Ал эми Батыш Иран Россияга учкучсуз учактарды жеткирүүдө деп бир нече жолу билдирүү жасады. Тегеран менен Москва бул айыптоолорду четке кагып, куру доомат экенин айтышууда.

Ошол эле учурда Россиянын Украинадагы аскердик операцияларынан улам жарыяланган санкцияларынын фонунда Москва менен Тегерандын кызматташтыктары кеңейип жатат. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкүлдөрү тең баса белгилеп, санкциялар Батыштын негизги эки геосаясий душманынын ич ара кызматташтыктарын бекемдеп, соода-сатыктарынын көлөмүн арттырууга түрткү болуп жатканын билдиришүүдө.

Комментарий жиберүү