Лавров Ирандын жаңы ТИМ жетекчисин куттуктады

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын Тышкы иштер министрлигинин жаңы башчысы Амир Абдуллахиянды кызматына талапкерлиги тастыкталгандыгы менен куттуктады.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул билдирүүдө: “Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Иран менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыктын деңгээлине канааттангандыгын билдирет”- деп белгиленген.
Белгилей кетсек, Иран Ислам Республикасынын жаңы президенти Ибрахим Реиси шайланып, кызматы бекитилгенден кийин, министрлер кабинети да алмашууда.
Ушул жуманын башында президент, Абдуллахияндын талапкерлигин  көрсөткөндөн кийин Ирандын Межлиси (парламенти) аны тышкы иштер министри кылып бекитти.
Жаңы министрге 286 депутаттын 270и колдоп добуш берди. Буга чейин Абдоллахиян Межлис спикеринин эл аралык иштер боюнча кеңешчиси болуп иштеген.
Эске салсак, 2013-жылдан бери Ирандын тышкы иштер министри кызматын Мухаммад Жавад Зариф ээлеп келген.

Комментарий жиберүү