Лавров: Орусия АКШнын аскерлерин Борбор Азияда көргүсү келбейт

«Орусия америкалык аскерлерди Борбор Азия өлкөлөрүндө көргүсү келбейт”, – деп билдирди Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйынында.

Орусия америкалык аскерлердин Борбор Азияда катышуусуна кандай карайт?,- деген суроого жооп берип жатып: «Жок, мен муну чындап айтам. Биринчиден, бизде жалпы коопсуздук мейкиндиги бар. Жана бул мейкиндиктин өзүнүн милдеттенмелери бар. Мен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмун айтып жатам, ал бардык союздаштардын өз аймагына чет элдик куралдуу күчтөрдү жайгаштырууга байланыштуу маселелер боюнча макулдугун талап кылат “, – деп белгиледи дипломат.
Лавровдун айтымында, Ооганстандан чыгып, америкалыктар инфраструктурасынын жана курал -жарактарынын бир бөлүгүн, ошондой эле аскерлерин Ооганстанга коңшу өлкөлөрдүн аймагына жайгаштырууну каалашкан.
Бул аракет, керек болсо Ооганстанга ошол аскерлери жайгашкан жерден сокку урушу үчүн жасалмак.
 Ал эми, Ооганстандан чыгып кеткен америкалык аскерлерди кабыл алуу менен Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрү бутага айланууга кызыкдар болуусу күмөндүү, деп жыйынтыктады Орусиянын тышкы иштер министри.

Комментарий жиберүү