Лавров: Орусия санкцияларга карабай Иран менен кызматташтыкты арттырат

Орусия мыйзамсыз санкцияларга карабай Иран менен кызматташтыгын арттырат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ирандык кесиптеши Хоссейн Амир Абдуллахиан менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдуллахиан кечээ, 15-мартта жогорку даражалуу делегацияны баштап жумушчу сапары менен Москвага барып, орус кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушкан.

“Биз соода-экономикалык кызматташтыкка чоң көңүл бурдук, мыйзамсыз санкцияларга карабастан, соода алмашуунун туруктуу өсүүсүн белгиледик, коронавирустук пандемияга карабастан, өткөн жылы ал дээрлик 82%га өсүп, 4 миллиард доллардан ашты. Биз муну менен токтоп калбай, ишкердик байланыштарды арттырууну макулдаштык”. Биз муну министр (Хоссейн Амир Абдуллахиан) менен ырастап, эч кандай мыйзамсыз санкциялар биздин алдыга жылышыбызга тоскоол болбойт деп ишенебиз”, – деди Лавров.

Ал Орусия АКШдан санкциялар Иран менен кызматташууга таасир этпейт деген кат жүзүндө кепилдик алганын кошумчалады.

Министр ошондой эле Ирандын ТИМ башчысы Хосейн Амир Абдоллахиандын Тегеранга келип кетүү чакырыгын кабыл алганын билдирди.

“Министр Тегеранга жооп иретинде келип кетүүгө чакырды. Чакыруу кабыл алынды. Даталарды жакын арада макулдашабыз”, –  деп кошумчалады Лавров.

Комментарий жиберүү