МАГАТЭ менен Иран өзөктүк келишим кризисин болтурбоо боюнча макулдашууга жетишти

Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк көзөмөл органынын башчысы менен Ирандын өзөктүк кызматтарынын башчысы Ирандын 2015 -жылкы өзөктүк келишимин калыбына келтирүү келечегине байланыштуу жаңы кризисти токтотуучу келишимге жетишти, деп билдирди Al Jazeera.

Белгилей кетсек, атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси 12-сентябрда Тегеранга келип, Ирандын Атомдук энергия уюмунун жаңы дайындалган башчысы Мухаммад Ислами менен жолугушту.
Эки тарап тең жолугушууну “конструктивдүү” деп атап, агенттиктин ушул айдын аягында Венада өтүүчү башкы конференциясынын алкагында талкууларды улантууну макулдашты.
Учурдагы макулдашууларга ылайык, МАГАТЭ өз камераларын Ирандагы өзөктүк программасын иштеткен жайларга орнотмокчу.
 Иран АКШнын бир тараптуу санкцияларын алып салуу боюнча Венада макулдашууга жетишилгенден кийин гана отчетторду агенттикке өткөрүп берерин билдирген.
“Бул биз үчүн маанилүү жана агенттик дагы ишенимди бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурат”,- деди Эслами жолугушуудан кийин.
Жолугушуу МАГАТЭнин Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу агенттиктин тынчсыздануусун көрсөткөн эки жаңы жашыруун отчету тууралуу маалымат каражаттары жазгандан бир нече күн өткөндөн кийин болду.
Эске салсак, Ирандык өзөктүк программасы боюнча Биргелешкен Комплекстүү План (СПВД) деп аталган өзөктүк келишимге 2015-жылы Иран, АКШ, Франция, Улуу Британия, Кытай жана Россия кол койгон. Бирок 2018-жылы Америка Кошмо Штаттары катаал санкцияларды колдонуу менен андан бир тараптуу баш тарткан. Санкцияларга, өзөктүк объектилерине кол салууларга жана алдыңкы өзөктүк окумуштуунун өлтүрүлүшүнө жооп катары Иран акырындык менен өзөктүк программасын күчөттү.

Комментарий жиберүү