МАГАТЭ эксперттери Запорожье АЭСине жөнөп кетишти

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттер тобу Запорожье атомдук электр станциясына жөнөп кетишти.

Алар АЭСке апта соңунда жетишет.

Бул тууралуу МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси “Твиттерге” жазды, твиттин астына өзүнүн жана агенттиктин дагы 13 адисинин сүрөтүн тиркеди.

МАГАТЭнин сайтында Запарожье АЭСине келтирилген зыянды баалоо, коопсуздук жана күзөт системаларынын иштер-иштебесин аныктоо, персоналдын жумуш шартын баалоо – агенттиктин миссиясы экени белгиленген. Мунун натыйжасында атомдук электр станциянын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам чаралар кабыл алынат.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Россиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциянын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган.

26-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган АЭСтеги соңку кырдаалдан улам Россия Украинаны жана Европа өлкөлөрүн радиациялык апаатка кептегенин айтып, Россияны АЭСтен аскерлерин тезирээк чыгарып кетүүгө дагы бир жолу чакырган.

Комментарий жиберүү