Майк Пенс: Байден тарыхтагы эң начар президент

АКШнын мурдагы вице-президенти Майк Пенс учурдагы президент Жо Байденди АКШнын заманбап тарыхындагы эң начар мамлекет башчысы деп атады.

Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, Байден башка президенттерге караганда АКШга көбүрөөк зыян келтирген.

Пенс учурда Америка Кошмо Штаттарында тарыхтагы эң оор кризис болуп жатканын, 14 айдын ичинде өлкөдө инфляция акыркы 40 жылдагы эң жогорку чекке жетип, бензиндин баасы 70 пайызга кымбаттаганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, экс-вице-президент азыркы президенттин администрациясынын коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдөгү каталарын жана Ооганстандан “катастрофалык” түрдө чыгып кеткенин да белгилеп өттү.

Комментарий жиберүү