Медведев: Евробиримдик Украинаны кабыл алганга чейин өзү жок болуп кетиши мүмкүн

Украинанын Евробиримдикке кошулуусу үчүн шарттарды аткаруу ондогон жылдарды талап кылат, бирок ал убакытка чейин ЕБ коммунизмди курбай кыйраган СССРдин тагдырына кабылышы мүмкүн.

Мындай пикирин Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Telegram-каналына жазды.

Ал 1961-жылы кабыл алынган КПССтин программасына токтолуп, анда жарандарга коммунизм учурунда жашоо убада кылынганын, бирок ал ишке ашпай СССР кулап, Коммунисттик партия жоюлганын эске салып өттү.

“Бирок кырдаал СССРдин тагдырындагыдай болушу мүмкүн. Союздун өзү сакталып калганда, балким, коммунизм келмек. Ал эми Союз, тилекке каршы, тарады. Эмнени кыйытып жатканымды түшүндүңөрбү?”, – деп жазды Медведев.

Буга чейин Еврокомиссиянын кеңеши Европа Кеңешине Украинага Евробиримдикке кирүүгө талапкер статусун берүүнү сунуштаган. Бирок, Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталышы үчүн “Украина өзүнүн миссиясын: сот системасын бекемдөө жана коррупция менен күрөшүү, ошондой эле дедолларизацияны жүргүзүү” үчүн бир катар реформалар керек экени айтылган.

Эске салсак, өткөн жумада Киевге ЕБдин үч ири өлкөсү Германия, Франция жана Италиянын лидерлери келип, алар да Украинага Евробиримдикке талапкер статусун берүүнү колдошорун билдиришкен.

Комментарий жиберүү