Медициналык изилдөөдө тастыкталган жана Куранда айтылган өтө пайдалуу жашылча-жемиштер

Медициналык изилдөөлөр Куранда айтылган бардык жашылчалардын адамдын ден соолугуна өтө пайдалу экенин көрсөттү.

Бул жашылчаларды колдонуу көптөгөн оорулардын алдын алууга жана дарылоого өбөлгө түзөт. Окурмандардын назарына Куранда айтылган 5 жашылчаны сунуштайбыз:

1. Ашкабак
2. Имбирь
3. Бадыраң
4. Сарымсак
5. Пияз

Ашкабак. Бул жашылчанын пайдалуу касиеттери ушунчалык көп жана аны адамдын ден соолугун чындоо үчүн дээрлик бардык тармакта колдонсо болот. Ашкабак ар кандай микроэлементтерден жана витаминдерден турат. Дарылык касиети боюнча башка көптөгөн жашылчалардан ашып түшөт. Курамында кант, каротин, С, В1, В2, В5, В6, Е, РР витаминдери жана денедеги метаболизм процесстерин тездетүүгө жардам берген сейрек кездешүүчү Т витамини, кандын уюшуна керектүү болгон К витамини, майлар, белоктор, углеводдор, целлюлоза, пектин заттары, минералдар, анын ичинде калий, кальций, темир бар.

Ошондой эле, ашкабак алмаштырылгыс диеталык продукт жана айрыкча боордо, өттө көйгөй боло, подагра, гастрит, колит жана шишик менен коштолгон оорулар үчүн өтө пайдалуу. Бөйрөктүн ткандарын дүүлүктүрбөстөн туруп тузду жана сууну денеден чыгарат. Кош бойлуу аялдардын көңүл  айлануунсун басуу үчүн ашкабак жакшы каражат болуп эсептелет.

Имбирь (занжабил). Адаттан тыш даамы жана дарылык касиети 3 миң жыл мурун белгилүү болгон имбирь биринчи жолу Индиянын түндүгүндө өстүрүлө баштаган.
Имбирь тамыры какырык чыгаруучу, антибактериалдык, сезгенүүгө каршы, микробго каршы, антисептикалык, антиартериосклеротикалык (кан тамырлардын дубалдарын атеросклеротикалык бляшкадан тазалайт) касиетке ээ жана ич жумшартып, тамак сиңирүүгө абдан жардам берет. Ошондой эле козу карынга ууланууга каршы, ашыкча холестеролду алып салуу жана анын топтолушунун алдын алуу, кан айланууну стимулдаштыруу; жарага ж.б. ооруларга каршы колдонлат.

Бадыраң. Бул диеталык продукт, анткени анын курамында эч кандай май жок жана калориясы төмөн. Жашылчаны үзгүлтүксүз колдонуу углеводдордун майга айланышын алдын алат. Курамында йод бар болгондуктан калкан бездин ишин жакшыртат. Мындан тышкары, метаболизмди нормалдаштырып, картаюу процессин жайлатып, курамында щелочтуу туздар көп болгондктан ички органдарда таштын пайда болушунн алдын алат.

Пияз. Бул азыктын пайдалуу касиеттери көпчүлүккө белгилүү. Пияздын курамында витаминдердин комплекси (В, С, Е, РР) жана минералдык компоненттер (фтор, темир, калий, йод, цинк, фосфор, кальций, натрий), кверцетин, күкүрт, фитонциддер, канттар (инулин, глюкоза, фруктоза), пектин бирикмелери, флаваноиддер, эфир майлары, антиоксиданттар жана органикалык кислоталар бар.

Пияз касиеттери: антигельминтикалык; антигистаминдик; вируска каршы; какырык чыгаруучу; ден-оолукту чыңдоочу, жараларды айыктыруучу (күйүккө каршы); антисептик.

Ошондой эле, жашыл пияз өт баштыкчасында жана бөйрөктө таштын пайда болушунун алдын алат жана анда цинк көп болгондуктан тырмак, чач жана теринин абалын жакшыртат. Простатиттин алдын алуучу каиетке ээ болгондуктан 40 жаштан ашкан эркектердин рационунда көбүрөөк болушу керек.

Мындан тышкары, Пияз кан тамырларды бекемдөөгө жана кеңейтүүгө, кандын уюшун азайтууга жана жүрөк булчуңдарын чыңдоого жардам берет. Аны үзгүлтүксүз колдонуу ичеги микрофлорасын нормалдаштырат, ошондой эле ашказан-ичеги жолундагы ачытуу жана чирүү процесстерин басат.

Сарымсак. Колдонулгандан кийинки жагымсыз жыт сыяктуу өзүнүн кемчилиги менен эң сонун антибактериалдык азык, цинга ооруусуна каршы жакшы даба, капиллярларды чыңдоонун эң эффективдүү табигый каражаттарынын бири жана мыкты адаптоген болуп саналат.

Сарымсак фитонцид катары берилген активдүү заттарды чыгарат. Биологиялык ферменттер денедеги зыяндуу бактерияларды басат же жок кылат. Жашылча дифтерия таякчасына, стрептококкко жана стафилококко каршы эффективдүү экени далилденген. Сарымсак да иммундук системанын күчтүү чыңдоочу, ооруну басаңдатуучу жана антисептикалык касиетке ээ.

Комментарий жиберүү