Меккеге баруу үчүн эми кандай шарттар талап кылынат?

Сауд Аравия зыяратчыларды коронавирустан камсыздандыруусу жок кабыл албайт.

 Белгилей кетсек, зыяратчылар мындан ары ажылыкка коронавирустук дарылоону камтыган медициналык камсыздандыруусу болгондо гана катыша алышат.

Тийиштүү чечим Сауд Аравия падышалыгынын бийлиги тарабынан кабыл алынган.

Жаңы белгиленген шарттардын ичинде коронавирусту түздөн-түз дарылоо күбөлүгүнөн тышкары, эгер адам ооруп калган болсо, карантинден өтүшүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалда үйүнө жеткирүү боюнча камсыздандыруу дагы камтылышы керек.

Эске салсак, быйыл Мекке жана Мединадагы ыйык жерлерине ажылык сапары июль айынын экинчи жарымына туш келүүдө.

Ал эми кичи ажылыкты (умра) жылдын каалаган убагында жасаса болот. Билдирүүлөргө ылайык, Сауд Аравия 17-майда чегараларын толук ачып, бардык чектөөлөрдү алып салат. Ошондой эле бул өлкөгө келген чет элдиктер 14 күндүк карантинде калуулары шарттуу каралат.

 Сауд Аравиясында акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустук инфекциянын 420 миң учуру аныкталган жана алардан 6,9 миңден ашуун адам каза болду.

Комментарий жиберүү