Мексикада коронавирустан айыккан бейтаптан мукормикоз аныкталды – дарыгерлер анын сол көзүн алып салганы жатышат

Мехико штатынын дарыгерлери 34 жаштагы кант диабети менен ооруган адамдан мукормикоз илдетин аныкташты.

Грибок инфекциясы COVID-19дан айыккандан кийин пайда болгон, учурда бейтаптын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын “Milenio” басылмасы бейтаптын үй-бүлөсүнө шилтеме берип билдирди.
“Отоларинголог Грегорио Авенданього мукморикоз,”көк дат” диагнозун койду… Ага тезинен операция жасатуу керек”, – деди бейтаптын иниси.
“Milenio” басылмасынын маалыматы боюнча, Грегорио Авенданьодон коронавирус 10-майда аныкталган. Ал кант диабетине карабастан, үйүнөн илдеттен эч кандай көйгөйсүз айыгып, вируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөндөн кийин жумушуна чыккан.

Авенданонун абалы 26-майда начарлап, тамак ичпей калып, үч күндөн кийин бет нервинин шал оорусу менен ооруканага жеткирилген. 1-июнда бейтап сүйлөй албай калган, эми дарыгерлер анын сол көзүн алып салганы жатышат. Бейтаптын туугандары дарыгерлерге шилтеме берип, мээ жабыркашы мүмкүн экенин жана өлүм коркунучу бар экенин билдиришкен.

Мукормикоз же “көк дат” – грибок инфекциясынан улам пайда болгон кошумча оору. Оору айлана-чөйрөдөгү грибок споралары менен байланышта болгондордо же грибок кесилген, чийилген же күйгөн териге киргенден кийин өрчүшү мүмкүн. Грибок көбүнчө нымдуу бөлмөлөрдө жана буюмдардын беттеринде, топуракта, өсүмдүктөрдө, чириген жашылча-жемиштерде кездешет.

Мукормикоз адатта адамдар үчүн коркунучтуу эмес, бирок иммунитети алсыз, мисалы, кант диабети, рак же ВИЧ менен жабыркагандарга өлүм коркунучун жаратышы мүмкүн. Ал мурундун былжыр челин, өпкө, ал тургай мээни да жабыркатат.

Буга чейин Индиянын Уттар-Прадеш штатындаы дарыгер бейтаптардын биринен мукормикоздун үч түрүн – сары, кара жана ак түрүн аныктаган. Буга чейин бейтап коронавирустан эки ай дарыланган. Дарыгерлердин айтымында, “сары” грибок сойлоочуларга мүнөздүү, ал буга чейин адамдарда кездешкен эмес.  Индияда бул илдетке чалдыккандардын саны учурда 11 миңге жетти.

Кечээ, 3-июнда грибок инфекциясы өлүмгө алып келген учур Иракта да катталганын “Rudaw” телеканалы маалымдаган.

Комментарий жиберүү