Мелатонин гормону коронавирустан коргойбу?

Окумуштуулар коронавирустан коргонуунун табигый жолун табышты.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
Бразилиянын Сан-Паулу университетинин окумуштуулары өпкөдө пайда болгон мелатонин гормону коронавируска тоскоол болуп, вирустун клеткаларга киришине жол бербейт деген бүтүмгө келишти.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мелатонин вирустун кирүү чекиттери-альвеолярдык клеткалар, мурун жана өпкө эпителийинде протеин координациялоочу гендердин пайда болушунун алдын алат. Ошентип, гормон бул ткандарды жабыркатып, иммундук жоопту басат. Натыйжада вирус дем алуу жолдорунда бир нече күн туруп, андан кийин башка алып жүрүүчүнү табууга кетет.
Бул ачылыш изилдөөчүлөргө эмне үчүн коронавирус кээ бир адамдарга жукпай тургандыгын, ал эми кээ бирлеринде симптомсуз өтүп кетип жатканын түшүнүүгө жардам берет. Изилдөөчүлөр курамында мелатонин бар мурундун тамчылары же спрейлери COVID-19 вирусунун өсүшүнүн алдын алуу үчүн колдонулушу мүмкүн деп эсептешет.
Ошондой эле, изилдөөчүлөр дени сак адамдардын өпкөсүнүн үлгүлөрүн талдап, изилдеп чыгышты жана адамдын организммнде мелатонинди өндүрүү мүмкүнчүлүгү канчалык төмөн болсо, вирустун организмге өтүшүнө катышкан гендердин экспрессия деңгээли ошончолук жогору болот деген тыянакка келишти.
Изилдөөнүн жүрүшүндө мелатониндин деңгээли жогору болгон учурда гормон Sars-COVID-2 вирусунун өпкөгө киришине тоскоол болгону байкалган.
Эскертке кетсек, дүйнөдө коронавирустун 100 миллиондон ашык учуру катталган жана болжол менен 2,2 миллион адам бул оорудан көз жумду. Эң көп өлүм АКШ, Индия жана Бразилияда катталды.

Комментарий жиберүү