Миллиондогон каннибал-чычкандар Австралиянын чыгышын каптады

Миллиондогон чычкандар Квинсленд жана Жаңы Түштүк Уэльс штаттарын басып алышты.

Кемирүүчүлөр фермаларды, үйлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды каптап кетишти.
“Шаар тургундары алардан чыккан ачуу жытка тумчугуп жатышат. Чычкандар азык-түлүк ташуучу унааларга түшүп, өлкөнүн чыгыш тарабында автобус менен жүрүшөт, жакында алар Австралиянын эң ири шаары Сиднейге жетишет”,- деп жазат Bloomberg.

Австралиялыктардын айтымында, чычкандардын мындай чабуулу “чумага” окшош. Алар көбөйгөндөн улам көбөйүп, өз өлүктөрүн жеп жатышканы айтылды.

Австралиянын Улуттук изилдөө уюму (CSIRO) бир гектар жерге 800-1000 кемирүүчүлөр туура келет деп эсептейт.

“Австралиянын чыгышындагы чычкандардын санын эсептөөгө аракет кылуу азыр асмандагы жылдыздарды эсептөөгө окшош”, – деди CSIRO эксперти Стив Генри. Чычкандар түшүмдү талкалап, дыйкандардын түшүмүн кыгы менен булгап жатат. Кемирүүчүлөр ошондой эле үйлөрдү жана шаймандарды бузат.

Мисалы, дыйкан Мэттью Маддендин трактору чычкандар кабелдерди тиштегенден кийин күйүп кетти.

Мындай чума былтыркы жаан-чачындан улам келип чыгууда. 2020-жылы аймакта эки жылдык жаан-чачын болду. Нөшөрлөр дан эгиндери үчүн гана пайдалуу болбостон, чычкандар үчүн идеалдуу шарттарды түзүп берди. Австралиянын Пестицид жана ветеринария башкармалыгы кемирүүчүлөргө каршы химиялык заттарды колдонууга уруксат берген жок. Уулуу заттар топурактын ичине кирип, ууланган чычканды жей турган жапайы жаныбарларды жана канаттууларды өлтүрүшү мүмкүн. Учурда кырсыктын масштабына байланыштуу Жаңы Түштүк Уэльс 5000 литр бромадиолон – кемирүүчүлөр үчүн күчтүү уулуу зат бөлүп чыгарды. Алар аны эң көп жабыркаган 20 районго таратууну каалашат. Бийлик уруксат алууга даярданып жатат.

Комментарий жиберүү