Минскиде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт

20-21-июнь күндөрү  Минск шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.

Бул тууралуу Министрлер Кеңешинин  маалымат кызматы билдирди.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы катышат. 

Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган. 

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулашат.  

Белгилей кетсек, 21-июнда Минск шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезексиз жыйыны да өтөт.

Комментарий жиберүү