Мирзиёев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакында башталарын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин онлайн-саммитинде айтты.
Анын айтымында, жаңы чакырыктар түштүк жана чыгыш багыттары боюнча альтернативдүү транспорт коридорлорун мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын талап кылууда.

“Жакында биз Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун баштоону пландап жатабыз. Долбоор Азия-Тынч океан аймагынын базарларына чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен бирге Чыгыш-Батыш багытындагы азыркы темир жол линияларын толуктайт”, – деди Мирзиёев.

Ошондой эле 2 миллиард керектөөчүсү боло турган рынок менен Түштүк Азияга эң кыска жолду камсыз кылган Термезден Пакистандын Пешаварына чейин трансафгандык темир жол линиясын куруу долбоорун ишке ашырууда кызматташууга даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Өзбекстан быйыл Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитине байкоочу катары катышты.

Буга чейин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун 2022-жылдын күзүндө баштоо пландалып жатканын билдирген. Ал эгемендүүлүк тарыхыбыздагы эң масштабдуу долбоорлордун бири деп атап, аны колдоого чакырган.

Президент Садыр Жапаров да февраль айында Кытайдын CGTN медиакорпорациясына берген маегинде, ишеничтүү түрдө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакынкы арада башталарын билдирген.

Мындан тышкары, буга чейин бул долбоор Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин февраль айынын башында Пекинде болгон жолугушуусунун темаларынын бири болгонун Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь баса белгилеген.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу маселеси 20 жылдан ашуун убакыттан бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келет. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков аталган темир жолунун курулушуна Орусия да катышууга даяр экенин билдирген.

2012-жылдагы вариант боюнча темир жолду салууга 6-6,5 млрд. доллар кетет. Буга чейинки бийлик жолдун Кыргызстандагы бөлүгү 430 чакырымга созуларын айткан.

Комментарий жиберүү