Миңдеген оогандар кызамык оорусуна байланыштуу Германиянын авиабазасында калышты

Ооганстандагы 20 жылдык согуш учурунда Батыш күчтөрүнө жардам берген 9000ден ашуун оогандар АКШга уча алышпай, Германиядагы америкалык базада калышты, деп билдирди Deutsche Welle.

Белгилей кетсек, мурдараак Кошмо Штаттарга учуп келген төрт оогандын кызамыкка чалдыкканы аныкталгандан кийин бийлик авиакаттамдарды токтоткон.
 Андан кийин, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) 9000 оогандыктар жайгашкан Рамштайн аба базасынан башка бардык каттамдарды токтотту.
Берилген маалыматтарга караштуу, иликтөөлөрдөн соң Рамштайн базасында кызамык оорусу жок болуп чыккан.
Учурда Рамштайндын аткаминерлери эвакуацияланган адамдар учак менен кетээр алдында Германияда эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.

Комментарий жиберүү