Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын автору жол кырсыгынан каза болду

Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын автору, сүрөтчү Ларс Вилкс Швецияда жол кырсыгынан каза болду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кырсык жекшемби күнү түштөн кийин Маркарид шаарынын жанындагы E4 жолунда болгон. Сүрөтчүнүн жанындагы аны кайтарган эки полиция кызматкери да каза болгон.

Сүрөтчү бараткан унаа жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, эки унаа тең күйүп кеткен.

Алгач кырсык атайын уюштурулган болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок, жергиликтүү полициянын өкүлү болгон окуя атайын жасалган аракеттердин натыйжасы болушу мүмкүн деген версияны жокко чыгарды.

2007-жылы жайында Ларс Вилкс Мухаммед пайгамбардын карикатурасын “Nerikes Allehanda” гезитине басып чыгаргандан кийин Швециянын маалымат каражаттары ал жөнүндө жаза башташкан. Бул басылмадан кийин Ларс Вилксге коркутуулар боло баштаган. Андан кийин ал полициянын коргоосунда жүрүп калган.

Эскертке кестек, анын Ислам пайгамбарын маскаралап тарткан карикатурасы мусулман дүйнөсүндө нааразылык толкунун пайда кылган.

Комментарий жиберүү