Мьянмадагы демонстрацияларда 138 адам каза болду

Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө каршы нааразычылык акцияларын басуу учурунда каза болгондордун саны 138ге жетти.

“Ir.Sputnik” агенттиги маалымдагандай, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысынын расмий өкүлү Стивен Дюжаррик конференцияда Мьянманын ар кайсы шаарларындагы коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосундагы кагылышууларда ушул убакка чейин 138, алардын 50гө жакыны акыркы эки күндө каза болгонун билдирди.

  “Февраль айынын башынан бери Мьянмадагы нааразычылык акцияларында 138 адам каза тапты. Алардын ичинен 38 адам 14-мартта, дагы 18 адам 13-мартта набыт болду”, – деди Дюжаррик. “БУУнун Башкы катчысы нааразычылык акциясына чыккандарды басууну адам укуктарын бузуу деп эсептейт жана аны айыптайт”, – деди ал.

Мьянмадагы масштабдуу нааразычылык акциялары 1-февралда  өлкө армиясы аскердик төңкөрүш жасап, бийликти колго алгандан кийин башталган. Аскердик командирлер акыркы парламенттик шайлоо өлкө лидери Аун Сан Су Чжинин  партиясынын пайдасына бурмаланган деп ырастап чыккан. Бирок шайлоо комиссиясы бул айыптоолорду четке каккан. Аскер өкүлдөрү эгер бул процесстер өзгөрүлбөсө, анда практикалык иш-аракеттер көрүлөрүн эскерткен.

Комментарий жиберүү