Мьянмада аскердик төңкөрүш жасалып, өлкө лидери Аун Сан Су Чжи кармалды

Жалпыга маалымдоо каражаттары Мьянмада аскердик төңкөрүш жасалып, өлкө лидери Аун Сан Су Чжи кармалганын маалымдашууда.

“Ir.Sputnik” МА маалымдагандай, Мьянма армиясы өлкөдө согуш абалын жарыялап, бийликти Мьянманын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Мин Аун Хлаингге бир жылга өткөрүлүп берилгенин жарыялады. “Демократия үчүн улуттук лига” партиясынын басма сөз катчысы Мио Ньюнт бүгүн эртен менен өлкө лидери Аун Сан Су Чжи жана башкаруучу партиясынын бир катар жогорку кызмат адамдары менен кошо Мьянма армиясынын аскерлери тарабынан камакка алынганын билдирди.

“Элибизден ойлонбостон реакция кылбоону  жана мыйзам чегинде иш алып барууну суранам”, – деди Ньюнт. Ал өзү да жакында камакка алынарын божомолдоду. Аун Сан Су Чжи жана башкаруучу партиясынын бир катар жогорку кызмат адамдарынын камакка алынганы тууралуу маалымат өкмөт менен армиянын ноябрь айындагы жалпы шайлоого байланыштуу келишпестиктеринен улам келип чыкты.

2020-жылдын ноябрында өткөн жалпы шайлоодо “Демократия үчүн улуттук лига” партиясы жеңип чыккан. “Тилектештик жана союзду өнүктүрүү” партиясын колдогон аскерлер шайлоонун жыйынтыгы менен макул болгон эмес. Мьянма армиясынын өкүлү аскердик төңкөрүш болушу мүмкүндүгүн четке каккан эмес.

Белгилей кетсек, Мьянма армиясы өлкөнүн саясий аренасында маанилүү жана таасирдүү ролду ойнойт жана аскердик абал учурунда жазылган Конституциянын аркасында бир катар маанилүү министрликтерди көзөмөлдөйт.

Комментарий жиберүү