Мьянмада жекшембидеги нааразычылык акцияларында 39 адам каза болду

Мьянма элинин төңкөрүш уюштуруучуларга каршы нааразычылык акциялары учурунда, дагы 39 демонстрант коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлдү.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Кечээ, 14-мартта армияга каршы нааразычылык акцияларында Хлингтайя өнөр жай шаарынын чет жакасында кеминде 22 демонстрант коопсуздук күчтөрү тарабынан өлтүрүлдү. Маалыматта, аталган аймакта Кытайга байланыштуу бир нече завод өрттөлгөнү дагы айтылууда.

“Reuters” агенттиги маалымдагандай, өлкөнүн башка аймактарында дагы 16 демонстрант өлтүрүлдү. Кечээки жекшемби күн  ушул жылдын 1-февралындагы Мьянма өкмөтүнө каршы аскердик төңкөрүштөн бери эң кандуу күнгө айланды. Мьянмадагы Кытай элчилиги элчиликтин көптөгөн  кызматкерлери жаракат алганын билдирди. Жергиликтүү маалымат каражаттары Мьянманын ар кайсы бурчунан келген мигранттарды кабыл алган өнөр жай аймагындагы жабдыктар сакталган жайлар  өрттөлүп жатканда коопсуздук күчтөрү демонстранттарга каршы ок чыгарганын кабарлашты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Янгон шаарынын борборунда жана анын тегерегиндеги аймактарда, анын ичинде Хлингтайя шаарында аскердик абал киргизилгенин кабарлашты. Мьянмадагы Саясий туткундарга жардам берүү ассоциациясы өлкөдөгү акыркы нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны 126га жеткенин жана ишемби күнгө чейин 2150дөн ашуун адам кармалганын, алардын 300ү бошотулганын жарыялады.

Эске салсак, Мьянма армиясы 1-февралда шайлоону бурмалаган деген шылтоо менен өлкө лидери Аун Сан Су Чжи жана башка жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди камакка алган. Аскердик төңкөрүштөн бери Мьянма эли ар кайсы шаарларда нааразычылык акцияларын өткөрүп, мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин бошотулушун жана аскерлердин чыгып кетишин талап кылышууда.

БУУнун Мьянмадагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Том Эндрюс  төңкөрүш уюштуруучуларды адамзатка каршы кылмыштарды жасады деп айыптаган. Эндрюс Коопсуздук Кеңешиндеги билдирүүсүндө, Мьянманын армиясы адамзатка каршы кылмыш жасашы мүмкүн деп билдирген.

Комментарий жиберүү