НАТО Европада өзөктүк машыгууларды баштады

  Бүгүн, 17-октябрь НАТОнун “Steadfast Noon” өзөктүк куралды токтотуу машыгуусу башталды. Ага 14 өлкө жана 60ка жакын аскердик учак катышууда.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Альянстын маалыматына караганда, машыгуулар “Европанын түндүк-батышында” – Бельгиянын жана Британиянын аба мейкиндигинде, ошондой эле Түндүк деңиздин үстүндө өтөт.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул НАТОнун өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн коопсуз жана эффективдүү сакталышын камсыздоо максатында жыл сайын пландалган окуулар экенин билдирди. Анын айтымында, машыгууларга согуштук куралдар тартылбайт жана бул Украинанын айланасындагы азыркы кризиске байланыштуу эмес.

Бельгиянын маалымат каражаттары машыгууга катышкан НАТО өлкөлөрүнүн аба күчтөрүнүн учактарынын бири да Россиянын аймагына 1000 чакырымдан жакын жакындабай турганын жазышты.

Ошого карабастан, Бельгиянын өзөктүк куралга каршы коалициясы эл аралык абалдын курчушун эске алып, “Россия менен өзөктүк тирешүү күчөп турган маалда мындай машыгууларды өткөрүү жоопкерчиликсиздик” деп атап, бийликтен машыгууларды токтотууну талап кылды.

Өзөктүк куралга каршы коалиция Бельгиянын аймагындагы мындай машыгуулар, өзгөчө НАТОнун штаб-квартирасы жана Евробиримдиктин негизги институттары Брюсселде жайгашканын эске алганда, өлкөнү өзөктүк жаңжал болгон учурда потенциалдуу бутага айлантат деп эсептейт.

Машыгуулар 30-октябрга чейин уланат.

Комментарий жиберүү