Нигерияда католиктердин чиркөөсүнө жасалган чабуулдан 50 киши набыт кетти

Нигериянын түндүк-батышындагы Ово шаарындагы католиктердин чиркөөсүнө жасалган чабуулдан кеминде 50 киши набыт кетти. Бул тууралуу Нигериянын парламент мүчөсү Аделегбе Тимилейн билдирди.

Маалыматка караганда, 5-июнда динчилдер чиркөөгө зыяратка чогулганда белгисиз согушкерлер аларды туш келди аткылап, имараттын ичине жардыруучу зат ыргытышкан. Калаба үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким ала элек. Мерт кеткендердин арасында балдар көп экени кабарланды. Согушкерлер чиркөөнүн башчысын уурдап кетишкен.

Нигериянын президенти Мохаммаду Бухари кол салууну айыптап, аны “акылга сыйгыс” деп атады.

“Эч нерсеге карабай мамлекетибиз зулумдарга жеңилбейт, караңгы эч качан жарыкты жеңе албайт. Нигерия акыры жеңет”,-деп жазылат Бухаринин билдирүүсүндө.

Нигерияда жалпы коопсуздук маселеси орчундуу экенине карабай, окуя болгон Ондо штаты өлкөдөгү эң тынч аймак катары саналчу.

Рим папасы Франциск терактта курман болгондор үчүн дуба кылып, жакындарына көңүл айтарын Ватикандан кабарлашты. 

Комментарий жиберүү