Нур-Султанда 160тан ашуун чет өлкөлүк жаран полицияга жеткирилди

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында 160тан ашуун чет элдик жаран шаарда мыйзамдуу жүргөндүгүн текшерүү үчүн полицияга жеткирилгенин полиция департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, полициянын участкалык инспекторлору ижарага алынган батирлерди, турак жайларды жана хостелдерди текшерип жатышат.
“Чет өлкөлүк 161 жаран борбор калаада мыйзамдуу жүргөндүгүн текшерүү үчүн полицияга алынып келинди”, — деп айтылат Нур-Султан шаарынын полиция департаментинин Instagram баракчасында.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2-январда башталып, өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышкан. Кийинчерээк нааразылык акциялары башка шаарларга, анын ичинде республиканын эски борбору жана эң ири шаары болгон Алматыга да жайылган: ал жерде талап-тоноолор башталып, согушкерлер мамлекеттик мекемелерге кол салып, курал-жарактарды тартып алышкан. Буга жооп иретинде бийлик 19-январга чейин өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялап, антитеррордук операция баштаган.

БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18 коопсуздук кызматкери каза болгон. 5-январь таң эрте Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди.

Токаев өзү жетектеген Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынында Казакстандагы кырдаалды мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирет деп мүнөздөп, ЖККУдан жардам сурап кайрылганын билдирген. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн Казакстанга жамааттык тынчтык күчтөрүн жөнөтүү чечимин кабыл алган. 7-январда Токаев террорчулар каршылык көрсөтүүнү улантып жатканын айтып, куралын таштабагандарды жок кылууга убада берген.

Комментарий жиберүү