Нью-Йоркто коронавируска каршы вакцина алган балдарга 100 доллар төлөнөт

Нью-Йорктун бийлиги коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн 5 жаштан 11 жашка чейинки балдарга 100 доллардан төлөп берет.

Бул тууралуу шаардын мэри Билл де Блазио Титтердеги баракчасына жазганын чет элдик басылмалар жазышты.

“5тен 11 жашка чейинки балдар шаардын эмдөө борборунда COVID-19 вакцинасын алса, 100 доллардан стимул алууга укуктуу”, – деп жазган де Блазио Титтердеги баракчасына.

АКШнын Тамак-аш жана дары-дармектерди көзөмөлдөө башкармалыгы жана Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору 5тен 11 жашка чейинки балдарды эмдөө үчүн Pfizer вакцинасын колдонууга уруксат беришкен.

Берилген маалыматтарга караганда, учурда Нью-Йорк калкынын 67,4 пайызы коронавируска каршы толук эмдөөдөн өткөн.

Буга чейин, АКШда эмдөөдөн өткөндөргө 100 доллардан төлөнүп жатканы маалымдалган. Ошондой эле, вакцина алган өспүрүмдөр AirPods алышарын жана 25,000 долларлык стипендия утуп алса болору дагы жарыяланган.

Комментарий жиберүү