Нью-Йоркто эмдөөдөн өтпөгөн миңдеген кызматкерлер жумуштан четтетилди

Кечээ, 1-ноябрда Нью-Йорктун 10 миңден ашуун полиция, өрт өчүргүч жана башка муниципалдык кызматкерлер акы төлөнбөгөн өргүүгө жөнөтүлдү.

Алар шаар мэри Билл де Блазионун COVID-19га каршы милдеттүү эмдөө боюнча буйругун аткарбай коюшкан.

Бул тууралуу  “New York Post” гезити жазганын чет элдик басылмалар маалымдашты.

Гезиттин маалыматына караганда, Нью-Йоркто 2300дөй өрт өчүрүүчүлөр эмдөөдөн өткүсү келбегендиктен эмгек өргүүсүнө чыгышкан. Кызматкерлердин жетишсиздигинен 18 шаардык өрт өчүрүү бекеттери жабылды .

Ошондой эле, дагы бир катар өрт өчүрүүчүлөр бир нече нааразылык акцияларын өткөрүшүп, андан кийин алар COVID-19 менен ооруганын жана табигый иммунитетке ээ экенин, бул шаар бийлигинин милдеттүү эмдөө боюнча буйругунда эске алынбаганын айтышып, жумушун таштап кетишти.

Аталган кызматтын басма сөз өкүлү Жими Лонгдун маселе боюнча билдирүү жасап, “Абал туруксуз бойдон калууда. Биз бөлүмдөрдү кызматка кайтаруу үчүн кызматкерлерди жалдап же башка бөлүктөрдү кызматтык аймакка көчүрүп келип жатабыз”, – деди.

20-октябрда Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио өрт өчүрүүчүлөр жана полиция кызматкерлери үчүн милдеттүү эмдөөлөр жүргүзүлөрүн жарыялап, вакцинадан баш тарткандар акы төлөнбөгөн өргүүгө жөнөтүлөрүн билдирген. Бул 1-ноябрга чейин вакцинанын жок дегенде бир дозасын албагандарга тиешелүү болгон.

Де Блазио Твиттерде эмдөөдөн өтпөгөн жумушчулардын жарымынан көбү бошотуу өтүнүчү менен кайрылышкан жана ал өтүнүчтөр каралып жатканын жазган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн профсоюзунун өкүлдөрү өз кезегинде бул боюнча нааразычылыктарын билдирип, мэрден эмдөө алуу же албоо маселесин чечүү үчүн аларга көбүрөөк убакыт берүүнү суранышкан.

Комментарий жиберүү