Окумуштуулар Айдын топурагына биринчи жолу өсүмдүк өстүрүштү – Видео

Флорида университетидеги америкалык окумуштуулар Айдын топурагына отургузулган өсүмдүктү ийгиликтүү өстүрө алышты.

Бул тууралуу НАСА билдирди.

Маалыматка ылайык, Айдын топурагында жасалган эксперименттер 11 жылга созулган. Топурак 1960-1970-жылдары Аполлон миссиясы учурунда чогултулган. Бардыгы болуп Жерге 382 кг ай таштары жана реголит жеткирилген.

Үлгүлөр чоң тарыхый мааниге ээ жана окумуштуулар үчүн аларды NASAдан алуу оңой болгон эмес. Бирок агенттик ошого карабастан микро бакчаны өстүрүү үчүн 12 грамм материал алууга уруксат берген.

Чондугу оймоктой болгон идиштерге бир граммдан ай топурагы салынып, аш болумдуу эритмелер менен нымдалып, арабидопсис (Arabidopsis thaliana) отоо чөбүнүн уруктары отургузулган. Уруктар ийгиликтүү бышып жетилген, бирок, топурактын өзгөчөлүктөрүнөн улам, алар жер кыртышындагы өсүмдүктөргө караганда жай өскөн.

Натыйжада Айдын кыртышындагы өсүмдүктөрдүн көпчүлүгүнүн өсүшү жай болгон. Окумуштуулар буга радиациянын жана күн шамалынын топуракка болгон узак мөөнөттүү таасири себеп болгон деп эсептешүүдө.

Биологдор кийинки жетишкендик Айда өсүмдүктөрдү өстүрүү аракети болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Комментарий жиберүү