Окумуштуулар: Жакынкы жылдарда миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн

Окумуштуулар жакынкы жылдарда дүйнөдө миопия эпидемиясы башталышы мүмкүн экенин эскертишти.

Бул тууралуу Лондон университеттик колледжинин адистери иликтөө жүргүзшкөнүн чет элдик  басылмалар жазды.

Окумуштуулардын айтымында, 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда көбүрөөк болуп жатат.

Мындай бүтүмгө келүү үчүн UK Biobank Eye жана Vision Consortium окумуштуулар тобунун адистери 100 миңден ашык британиялыктын офтальмологиялык маалыматтарын текшерип көрүшкөн.

Адистердин 1960-жылдан кийин туулган адамдардын арасында көзү жакшы көрбөй калгандар андан мурда туулгандарга караганда көбүрөөк болуп чыгышын бир нече фактор менен байланыштырды. Буга бала кезден туура эмес тамактануу, тукум куучулук, жашоо образы кирет. Бирок басымдуу бөлүгү иште жана андан тышкары деле экрандан көзүн албагандыгы үчүн көрүүсү бузулган деген бүтүм чыгарышкан.

Маалыматка караганда, акыркы он жылдыкта алысты жакшы көрбөй калуу 1939-1944-жылы туулгандар арасында 20 пайызга гана өскөн. Ал эми 1965-1970-жылдары туулгандар арасында бул көрсөткүч 30 пайызга жакын өскөн.

Адистер бул оору ушундай тездик менен өсүп кете берсе, жакында эпидемияга айланышы мүмкүн экенин айтышууда.

Миопия – учурда эң кеңири тараган көз оорусу. Мында адам алысты жакшы көрө албай калат.

Комментарий жиберүү