Окумуштуулар: Жыт сезбей калуу коронавирустун жакшы белгиси

Окумуштуулар эмне үчүн жыт сезүүнүн жоголушу коронавирустун жакшы белгиси экендигин түшүндүрүп беришти.

Бул тууралуу “20 minutos” жазганын “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Мадриддин Комплутенс университетинин окумуштуулары жана Сан-Карлос клиникалык ооруканасынын адистери изилдөө жүргүзүшүп, ага коронавирус менен ооруган 5868 бейтап катышкан. Эксперттер жыт сезүүнүн жоголушу бейтаптын тез сакайуу жана ооруну тез женүү мүмкүнчүлүгү жогору болот деген  жыйынтыкка келишкен.

Алардын айтымында, бул абал күчтүү иммундук жооптун белгиси, бул оорунун күчөшүн азайтат. “Алынган натыйжалар чоң мааниге ээ, анткени алар бейтаптын баштапкы абалын баалоого, ошондой эле оорунун шартында пайда болгон патологиялык процесстердин пайда болушунун жана өрчүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн аныктоого жардам берет ”, – деди Сан Карлос ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы жана профессору Хесус Порта-Этессам.

Окумуштуулар, мындан тышкары, жыт сезүү жана даам сезүүнүн жоголушу аялдарда (12,41%, эркектерде 8,67%), ошондой эле 65 жашка чейинки  адамдарда, жүрөк оорусу, неврология жана онкологиялык оорусу бар адамдарда көп кездешерин билдиришти.

Комментарий жиберүү