Окумуштуулар: 2030-жылы катуу суу ташкындары болот

Ай циклинин жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 2030-жылдын ортосунда суу ташкыны кескин көбөйөт.

Бул тууралуу Nature Climate Change журналы жазды. Мындай малыматты Американын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NАSA) чыгарган.
Окумуштуулардын айтымында, Ай цикли климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн күчөтөт.
NАSA космикалык агенттигинин администратору Билл Нельсондун деңиз деңгээлине жакын жапыз аймактар барган сайын коркунучка кабылып, суу ташкынынын көбөйүшү күчөй берерин баса белгилеп, “Айдын тартылуу күчү, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана климаттын өзгөрүшүнүн айкалышы биздин жээктерде жана дүйнө жүзү боюнча жээктердеги суу ташкындарын күчөтөт”, – деди.
Гавайи университетинин билдирүүсүнө караганда, Айдын термелүүсүнүн цикли 18,6 жылга созулат. Жарымында толкундар азайса, экинчи жарымында дайыма көтөрүлүп турат. Бул ирет окумуштуулар суу ташкындары көбөйөрүн болжолдошууда.

Комментарий жиберүү