Окумуштуулар COVID-19дун таң калыштуу белгилери табылганын билдиришти

Америкалык окумуштуулар Covid-19дун  таң калыштуу терс таасирлери тууралуу билдирүү жасашты.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Американын окумуштуулары биринчи жолу радиологиялык сүрөттөрдү колдонуп, коронавирус менен ооруган кээ бир бейтаптарда эмне себептен муун жана булчуң оорулары кездешип жатканын далилдешти. Изилдөөнүн натыйжасы Skeletal Radiology журналында жарыяланды.
COVID-19 менен ооругандардын көпчүлүгү муун жана булчуң ооруларына даттанышат. Алардын айрымдары ревматоиддик артрит, аутоиммундук миозит же сөөк манжалары деп аталган манжалардын сезгениши сыяктуу олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болушат.
Northwestern университетинин изилдөөчүлөрү Түндүк-Батыш медициналык клиникасынын дарыгерлери менен Чикагодогу “Northwestern” ооруканасына 2020-жылдын май айынан баштап декабрь айына чейин түшкөн бейтаптарга ретроспективдүү изилдөө жүргүзүшүп, коронавирус менен ооруп жаткан учурда же андан кийин ревматологго же дерматологго көрүнүүгө мажбур кылган кимде кандай таң калыштуу терс таасирлери байкалганын аныкташкан.
Окумуштуулар бул бейтаптарды бир катар радиологиялык методдорду – CT, MRI жана УЗИ колдонуп текшеришкен. Коронавирустан кийин таяныч-кыймыл аппаратынын жабыркашынын себеби аутоиммундук реакция менен байланыштуу экендигин байкашкан.
Изилдөөнүн авторлорунун бири жана медициналык окуу жайдын таяныч-кыймыл аппаратынын рентгенология кафедрасынын доценти, “Коронавирус денени өзүнө кол салууга мажбурлайт, бул узак мөөнөттүү дарылоону талап кылган ревматоиддик артритке алып келиши мүмкүн деп аныктадык”, – деп билдирди.
Авторлор мындай учурларда, так диагноз коюу үчүн заманбап сүрөт методдорун колдонуу керек деп эсептешет.

Комментарий жиберүү